Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШдагы мелдештин финалында ойнойт

10:04 04.12.2017
2017-12-04_12-54-19.png

Бишкек шаарынын өспүрүмдөр курама командасы. 7.04.2017-ж. Бишкек.

Бишкек шаарынын «Алга Бишкек» хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы АКШнын Чикаго шаарында өтүп жаткан Barrington Ice Arena-2017 кубогуна арналган эл аралык мелдештин финалдык бөлүгүнө жолдомо алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын спорттук оюндар боюнча өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин директору Мейирхан Аманбеков билдирди.

Анын айтуусунда 9 жашка чейинки Кыргызстандын командасы 3-декабрда үчүнчү беттешин өткөрдү. Бул оюнда алар АКШнын “Evelance Chicago” командасын 12:2 эсебинде жеңип алышты.Буга чейин болгон эки беттеште бишкектик хоккейчилер “Ice Dogs-2” командасына (11:7) эсебинде утулуп, Чикаго курамасын 3:9 эсебинде жеңип алган эле. Финалдык оюн 5-декабрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5те башталат. Азырынча бишкектик оюнчулардын финалдык атаандаштары белгисиз.

"Barrington Ice Arena 2017" кубогуна арналган эл аралык мелдеш 1-декабрда башталган. Ага Канада, АКШ жана Кыргызстандан 9 жашка чейинки беш команда катышууда. Кыргызстандан мелдешке Бишкек шаарынан “Алга Бишкек” командасынан 15 оюнчу 30-ноябрда жөнөп кеткен.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика