Кытайда WhatsАpp менссенжери кайрадан блоктон алынды

07:19 27.09.2017

Кытайда WhatsАpp менссенжери кайрадан блоктон алынды. Financial Times басылмасы жазып чыккандай, учурда колдонуучулар кадимкидей эле тексттик, аудио билдирүүлөрдү жана сүрөт, видеолорду жөнөтүп баштады.

Белгилеп кетсек, Кытай бийлиги тарабынан WhatsАppты блокко салууну айрым эксперттер өлкөнүн коммунисттик партиясынын 19-съезди алдында жасалган иш-чарасы деп баалашкан. Аталган  өлкөдө Facebook жана Instagram дагы блокко салынган.


Тег: Технология

Яндекс.Метрика