Өлкө аймагында бир сутканын ичинде 17 өрт катталды

11:02 26.01.2018
Screenshot_9.png

 Өлкө аймагында бир сутканын ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө бардыгы болуп 22 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарындагы Горький көчөсү №89 дарегинде орун алган “Истамбул” кафесинин чатырында 0,5 метр электр зымы күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушунан келип чыккан.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика