Өлкөдө айлык маяна качан көтөрүлөт? Өкмөт башчынын жообу

11:00 12.04.2018
bf365503-aa97-4e2a-b6d7-9bbfaf755031_jpg_850x445_q82_crop_730x0.730x0.jpg

КР өкмөт башчысы Сапар Исаков өлкөдө качан дарыгерлер менен мугалимдерге айлык акы көтөрүлө тургандыгын айтты.

КСДП фракциясынын жыйынында өкмөттүн 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчет берип жатып, айлык маянаны жогорулатуу үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү керек.

“Биздин команданын өзүнүн эсеби бар. Бюджетке акча каражатынын көпчүлүк бөлүгү көмүскө экономикадан келет. Биз сатылган ар бир товар Салык кызматынын системасына киргизилишин каалайбыз”,-деди Исаков.

Өкмөт башчы мыйзамдык актыларды даярдап, бизнесмен жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин билдирди.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика