Лонг-Бичте басмырлоого тушуккан мусулман аял сотто утуп алды

15:00 12.08.2017
н9.png

АКШнын Лонг-Бич шаарынын администрациясы "басмырлоого тушуктум" деп сотко кайрылган мусулман аялга 85 миң доллар төлөп бермей болду. "Америка - ислам мамилеси кеңеши" укук коргоо уюму билдиргендей, Кристи Пауэл аттуу айымды күч кызматкерлери суракка алып, үстүндөгү хижабды чечүүгө мажбурлашкан.

Жабырлануучу хижабды чечип, түнү бою темир тор артында отурууга мажбур болгонун айткан.

Тег: Коомчулук


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика