"Манас" эпосу аркылуу эс-тутум феноменин изилдеген китеп жарык көрдү

11:15 17.02.2017

Автор изилдөөсүн бир катар манасчылар, анын ичинен Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбак уулу, Жусуп Мамайлардын манас айтууларын колдонуу менен ишке ашырган.

Кыргызстанда "Манас" эпосу аркылуу эс-тутум феноменин изилдеген китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.


26512_w654_h402_resize.jpg


Китепте маданий мурастарды өткөрүп берүүдөгү адам эс-тутумунун ролуна жана "Манас" эпосун кылымдардан бери оозеки жеткирип келе жаткан манасчылардын феноменалдуу эс-тутумуна басым жасалат.

"Культурология илимдеринин кандидаты Нургүл Усенованын монографиясы "Мнемоническая культура кыргызов" деп аталып, "Адам эс-тутумун изилдөөдөгү теориялык негиздер", "Келечектин маданиятын калыптандыруудагы "Манас" эпосунун таасири" деген эки бөлүктөн турат. Аны культурология, манас таануу, тарых, философия, саясат таануу, психология илимдеринин айланасындагы адистер, жогорку окуу жайларынын студенттери колдоно алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Автор китебинде эбегейсиз эпосту жазуусуз – оозеки өткөрүп келе жаткан кыргыз элине мнемоникалык аракет таандык экенин, элдин өнүгүүсү маданий мурастарын билбей туруп, өзгөчө эс-тутумсуз мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген.

Усенова изилдөөсүн бир катар манасчылар, анын ичинен Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбак уулу, Жусуп Мамайлардын манас айтууларын колдонуу менен ишке ашырган.


Тег: Маданият

Яндекс.Метрика