Мигранттар Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын акча которду

18:01 19.05.2017

Улуттук банктын маалыматы боюнча, чет мамлекеттердеги кыргызстандык эмгек мигранттары тарабынан которулган акчанын көлөмү былтыр 1 миллиард 991 миллион долларды түздү. 2015-жылы мигранттар 1 миллиард 168 миллион доллар которушкан. Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттардан келген каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызга жакын бөлүгүн түзөрүн билдирген.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында билдиришинче, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миң, Кореяда 14 миң, Түркияда 30 миң, алыскы өлкөлөрдө 20 миң эмгек мигранты бар. Өткөн жылы Кыргызстанга 2900 адам туруктуу жашоо үчүн келсе, 6700 адам сыртка чыгып кеткен.

Расмий эмес маалыматтарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен Орусиядагы мигранттар миллиондон ашары айтылып жүрөт.  


Теги: Акча каражаттары, Коомчулук, Экономика


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика