Мигранттардын экономикага кошкон салымы талкууланат

09:07 05.12.2017
2017-12-05_12-46-42.png

Бишкекте бүгүн “Иммигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы” деп аталган баяндама жарыяланат. Иш-чараны Мамлекеттик миграция кызматы, Эл аралык Эмгек уюму жана Европа комиссиясы биргеликте уюштурган.

Улуттук банктын маалыматына караганда, быйыл чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктардан келген акча 1 миллиард 740 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркыдан 274,6 миллион долларга көп. Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет.

Дүйнөлүк банк буга чейин чет жактагы мигранттар которгон каражат Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызына барабар экенин билдирген.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика