Москва: базардагы өрттө жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

11:19 19.01.2018
Screenshot_13.png

Москванын түштүк-чыгышындагы “Садовод” базарындагы чоң өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова  кабарлады.

- Негизи эле өрттөн жабыркагандар жок экен. Ал эми базарда ижарага алып иштетекендер аарсында бар-жоuун да тактадык. Кыргызстандыктар жок экен.

Базарда өрт 17-январда болгон. Тилсиз жоонун себептери жана анын чыгымы эсептелүүдө. Алдын ала маалыматка караганда, базарда курулуш таштандылары өрттөнүп кеткен. Болжол менен өрт чалган аймак 300 чарчы метр деп айтылууда.

Базарда 8 миңден ашуун соода павильондору бар. Анда негизинен кийим-кечек, балык уулоо, туризмге, бакчага керектүү буюм-тайымдар сатылат.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миӊи Орусияда. Алардын арасында соода-сатык менен алектенгендери да арбын.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика