Москвада болгон кырсыктан каза болгондордун арасында КР жарандары жок - ТИМ

17:00 26.12.2017
Screenshot_7.png

 Москвада жер астындагы өтмөккө кирип кеткен автобустагы каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок,-деп билдирет КРдин Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, 25-декабрда Москвада Кутузов проспектисиндеги “Славянский бульвар” метросундагы жер астындагы өтмөккө жүргүнчүлөрдү ташыган автобус кирип кеткен. Натыйжада 5 адам каза болуп, дээрлик 15 адам жабыркаган.

Элчиликтен кабарлашкандай, азырынча каза болгондордун бирөөсүнүн гана өздүгү такталган. Ал 38 жаштагы Елена Михайлова.

Элчилик учурда тиешелүү кызматтар менен байланышта болуп турат.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика