Москвада кыргыз жараны кар күрөп жатып каза болду

12:02 25.12.2017
Screenshot_7.png

 Кыргызстандын жараны Москванын түштүк-чыгышындагы үйлөрдүн биринин чатырындагы карды тазалап жатып каза болгон,-деп маалымдалат ren.tv сайтында.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-Кабельная көчөсүндө болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны чатырдагы карды күрөп жаткан учурда кулап кеткен

Учурда укук коргоо органдары кырсыктын чоо-жайын иликтешүүдө.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика