Москвада жол кырсыгынан кийин эки жума комада жаткан кыргызстандык каза болду

16:19 27.01.2018
Screenshot_9.png

 Москвада үстүбүздөгү жылдын 11-январында таксисттин катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон учурда унааны Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан. Эки жөө жүргүнчүнү коюп кетип, натыйжасында 40 жаштагы аял окуя болгон жерде каза болгон, ал эми 33 жаштагы эркек киши Н.В.Склифосовский атындагы илимий-изилдөө институтуна жаткырылган.Эки жума комада жатып, кечээ, 25-январда өзүнө келбей каза болгон. Кырсыктан каза болгон эки жаран тең КРдин жараны болушкан.

Элчиликтен кабарлашкандай, учурда сөөктөрдү мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика