Москванын чыгышында соода борборунан өрт чыкты, жабыркагандар бар

12:07 05.04.2018
Screenshot_7.png

 Москванын чыгышындагы “Персей для детей” соода борборунан өрт чыккан,-деп билдирет РИА Новости калаанын ыкчам кызматындагы расмий булактарына таянып.

“Өрттөн жабыркагандар бар, адамдарды куткаруучулар кошумча тепкичтер аркылуу сыртка алып чыгышууда”,-деп билдирген булак РИА Новостиге.

Акыркы маалыматтарга ылайык, соода борборунун кызматкери каза болгон.

Төрт кабаттуу соода борбору 2009-жылдан бери иштейт.

Тег: Кырсык

Яндекс.Метрика