МСК 4 айда 24,5 млрд сом салык жыйнады

15:13 23.05.2018
1387602562_akcha_730x0_730x0_730x0.730x0.jpg

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын январь-апрель айларында 24 млрд 550,8 млн сом салыктар жана төлөмдөрдү чогулткан.

КР МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, коюлган план 101,7 % аткарылып, 406,3 млн сомго ашыгы менен жыйналган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд 211,5 млн сомго же 9,9% жогорулаган



Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика