Нарын облусунда айдоо аянттарды чегиртке каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланды

10:00 02.07.2018
9014_photo_w980.jpg

 Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган райондордогу айдоо аянттарын чегиртке каптаган.

Бүгүнкү күндө айдоо жердин дээрлик 55 миң га тазаланды.

13-июнда облуста Жарандык коргонуунун кезексиз отуруму өтүп, анын негизинде “Өзгөчө кырдаал” режимин киргизүү чечими кабыл алынган.

Тег: Кырсык

Яндекс.Метрика