Нарын облусунда сибирь жарасы жапырт чыкканы тастыкталды
Нарын облусунда сибирь жарасы жапырт чыкканы тастыкталды.
Бул тууралуу “ВБ” Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекцияга таянып маалымдайт.
Ага караганда, быйыл 31-августта Ат-Башы районунун Казыбек айылында ири мүйүздүү мал сибирь жарасынан өлгөн.
Анын ээлери ветеринардык дарыгердин уруксаты жок тушту жиликтешкен.
Натыйжада 3 адам кооптуу дартты жуктуруп алышты.
Учурда аталган аймак карантин алдында, жергиликтүү мал эмдөөдөн өтүп жатат.
Кырдаал көзөмөл алдында, деп ишендиришет инспекциядан.