Окумуштуулар келбетсиз эркектер менен айымдар бактылуу жашаарын изилдеп чыгышты

15:28 15.09.2017

1495585298_stiven-sigal-ostanetsya-bez-dalnevostochnogo-gektara-v-primore.jpeg


Окумуштуулар сулуу айымдар менен келбетсиз мырзалардын ортосундагы мамиле бекем сакталып, бактылуу жашаарын айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, АКШнын Флорида штатындагы окуу жайдын окумуштуулары аялдар менен эркектердин ортосундагы жылуу мамилини изилдөп чыгышып, келбетсиз эркектер менен баш кошкон аялдар бактылуу жашаарын изилдеп чыгышты.   

“Мамиленин бекем сакталаарынын сыры жөнөкөй. Мырзалар сүйүктүүсү ыраазы кылуу үчүн жакшы жактарын гана көрсөтүп, көп күчүн сарптайт. Дайыма белектерди берип, үй оокаттарына тың болушат. Үй тиричилиги менен камсыздап, жашоосун түптөөгө жөндөмдүү келишет. Жыйынтыгында келбетсиз мырзалар менен мамиле куруп жашаган айымдар бактылуу жашашат”,-деп айтылат маалыматта.

   

Теги: Илим, Коомчулук

Яндекс.Метрика