Орус спортчулары Олимпиадага өз алдынча катышат

15:01 12.12.2017
Screenshot_21.png

Орусиялык спортчулар 2018-жылкы кышкы Олимп оюндарына бейтарап желек алдында катышууга даяр. Мындай билдирүү 11-декабрда Орусиянын Олимпиада комитетинин сайтында жарык көрдү.

Атлеттер жеке спорттук дымактан эмес, өз мекени жана жакындары үчүн таймашууну каалашканын билдиришти.

5-декабрда Эл аралык Олимпиада комитети допинг жаңжалынан улам Орусиянын курама командасын Түштүк Кореянын Пхенчханг шаарындагы оюндардан четтеткен. Бирок кызытма колдонбогонун далилдеген спортчуларга бейтарап желектин алдында кч сынашууга уруксат берилген. Москва кызытма боюнча дооматтардын артында саясат турганын билдирген.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика