Орусия 122 миң тажик жаранына миграциялык мунапыс жарыялады

17:00 07.02.2018
1D0428E4-F169-423C-8982-E2446A769134_cx0_cy8_cw0_w1023_r1_s.jpg

"Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду" деген кине менен Москванын "кара тизмесине" киргизилген тажик жарандарынын саны 180 миңдей. Бул тууралуу шейшембиде Душанбеде өткөн маалымат жыйында Тажикстандын Миграция жана эмгек министри Сумангул Тагойзода билдирди.

Укук коргоочулар белгилегендей, соңку үч жыл ичинде Орусиядан жарым миллионго жакын эмгек мигранты чыгарылган. Алардын 122 миңине кайра кирип иштөөгө уруксат берилген.

Эксперттер Москва мигранттарды өзүнүн кызыкчылыгында колдонорун белгилеп келишет. Маселен, миңдеген жарандарга иштөөгө уруксат бергени менен дароо Душанбедеги орус аскерий базасынын мөөнөтүн узарткан.

Орусияда эмгектенген тажик мигранттарынын саны бир миллионго чукул экени айтылып келет.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика