Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 61 тонна азык-түлүктү кайра кайтарды

13:00 21.05.2018
60411B57-4DE2-4369-A217-90F3C2AF6EC0_w1023_r1_s.jpg

Россельхознадзор мекемесинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Кыргызстан менен Казакстандан бараткан 90 тоннадан ашык азык-түлүк, жашылча-жемиштерди Орусияга киргизүүгө уруксат берген жок.

Мекеме тараткан маалыматта “Маштаково” көзөмөл бекетинде кармалган өндүрүм фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат.

Кыргызстандан бараткан 61 тонна азык-түлүктүн ичинде 19,3 тонна гилас, 0,55 тонна бадыраң, 21,42 тонна жемиш кагы, 20,5 тонна сабиз бар экени айтылат.

Мындан сырткары дагы 30 тоннадай Казакстандан бараткан помидор, гилас жана өрүк да чек арадан кармалган.

Жашылча-жемиштердин баары чек арадан өткөрүлбөй, кайра артка жөнөтүлдү.

Кыргызстан - Орусия, Армения, Казакстан жана Беларус сыяктуу Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Ортодогу бажы тосмолору алынган, бирок фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн. 

Тег: Иштешуу

Яндекс.Метрика