Орусияда Путинден улуттук тилдерди окутууну жандантууну сурашууда

16:00 18.11.2017
Screenshot_7.png

Интернетте Орусияда жашаган элдердин өкүлдөрүнүн президент Путинге жазган каты пайда болду. Анда улуттук тилдерди мектеп жана жогорку окуу жайларынын окуу программасына кайтаруу өтүнүчү жазылган. Кат ээлери Орусияда жашап жаткан улуттардын тили - жалпы баалуулук, орус мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый орду бар көп түрдүүлүктүн негизи деп белгилешкен.

"Билим берүү системасынан улуттук тилдерди окутууну алып салуу адабий тилдин бузулуусуна алып келет. Натыйжада бул жалпы улуттардын маданий жана илимий ишмердүүлүгүнүн деңгээлин түшүрөт. Орус эмес тилдерди окуп-үйрөнүү теңата мамиле түзүүдө жана элдердин бири-биринин маданиятын түшүнүшүүсүнө жакшы ачкыч болуп берет" деп айтылат катта.

Аягында кат ээлери президент Владимир Путинден улуттук мамлекеттик тилдердин орто окуу жайларында окутулуусуна кепилдик берүүсүн өтүнүшкөн.

Татарстанда татар тилин окутуу боюнча жүрүп жаткан талаш президент Путиндин "адам баласына эне тили болбогон тилди үйрөтүүнүн кажети жоктугун" айткан сөзүнөн кийин күч алды. Путиндин сөзүнөн дымак алган "Татарстандагы орус тилдүү ата-энелер комитети" татар тили сабагын жоюуга аракет кылып жатса, жергиликтүү активисттер тескерисинче тилдин мамлекеттик тил катары окутулуусун талап кылышууда.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика