Ош-Араван-Чекабад унаа жолунун 6,5-7,5-чакырымдарында асфальт төшөлдү

10:00 13.06.2018
ukladka-1024x682_730x0.730x0.jpg

 Республикалык маанидеги Ош – Араван – Чекабад унаа жолунун 6,5-7,5-чакырымдарында асфальт төшөө боюнча пландык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЖЭТ-44 башчысы А.Алибаев билдиргендей, асфальт төшөө боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат жана аталган тилке унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылган.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика