“Ош” базарындагы өрт: Болжол менен 5,5 миң чарчы метр аянт күйгөн

16:13 14.04.2018
Screenshot_5.png

 “Ош” базарындагы өрттүн болжолдуу жалпы аянты 5,5 миң чарчы метрди түзөт,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ош” базарынын айланасындагы “Берекет” соода базарында 2018-жылдын 13-апрелинде өрт чыккан. ӨКМ кызматына өрт тууралуу билдирүү болжол менен саат 03:50 чамасында түшкөн.

“Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 7:40 чамасында чектөөгө алынып, кечки саат 19:46да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 5412 м2 түзгөн. Келтирилген чыгым жана кырсыктын себеби такталууда, атайлап өрттөлгөн деген божомолдор да каралууда”,-деп айтылат маалыматта.

Тег: Кырсык

Яндекс.Метрика