Ош: Быйыл спортчулар 347 медаль багындырышкан

16:53 26.12.2018
Screenshot_1.png

 Быйыл Ош шаарынын спортчулары 347 медаль тагынышкан. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев шаардык кеңештин кезектеги сессиясында билдирди.

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме ишканалардын, уюмдардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Анда Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө маселе каралып, талкууланды, - деп кабарлашты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

2018-жылдын 12 айында Ош шаарынын спортчулары КРнын 45 чемпионатына, 56 эл аралык турнирге, 38 КР биринчилигине, 2 Азия оюндарына, 29 Кыргызстандын Ачык Чемпионатына, 34 Республикалык деңгээлдеги турнирине, 3 Азия Чемпионатына, 2 дүйнө Чемпионатына катышышты.

Саркарбаевдин маалыматы боюнча, жалпысынан алганда 2018-жылдын 12 ай аралыгында Ош шаарынын спортчулары 119 алтын, 103 күмүш, 125 коло медалдарды тагынышты.

"Жыл сайын спортчуларыбыздын ийгиликтери өсүп, жакшы жетишкендиктерге жетишип жатабыз”, - деди К.Саркарбаев.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика