Ош облусунда аткезчилик кийимдер аныкталды

16:03 16.07.2018
kontr.730x0.jpg

Өзбекстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу аркылуу кийим алып өтүүгө аракет кылышкан, анын жалпы суммасы 300 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматынан кабарлашты.

Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынын жанында “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаадан эч кандай документи жок аялдардын жана эркектердин кийимдери табылган.

Учурда аталган факты боюнча КР Кылмыш кодексинин 204-беренесине (аткезчилик) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө амалдары уланууда.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика