Ош шаарынын мэриясы “Алай” футбол клубуна миллион сом тапшырды

12:00 27.12.2017
img_4352.jpg

25-декабрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жаштарга арналган Жаңы жылдык кечеси болуп өттү. Ага бийлик өкүлдөрү, Жогорку жана шаардык кеңештин депутаттары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле 500гө жакын жаш активисттеря, спортчулар жана машыктыручулар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев “Алай” командасынын чемпиондук наамы жана 50 жылдык маарекеси менен куттуктап, клубка 1 млн сом акча каражатын тапшырды.

“Ош шаарынын «Алай» футбол клубу түптөлгөндөн бери, футболчуларды даярдоонун чыныгы устаканасына айланып, жүздөгөн мыкты оюнчуларды тарбиялап чыгарды. Бүгүн да бул салт уланып, клубдун тарбиялануучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу. Күйөрмандардын сүйүктүү “Алай” футболдук клубу акыркы 3 жылдан бери өлкө чемпиондугун эч кимге бербей, Ош шаарынын намысын республикада коргоп келүүдө. “Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016- жылдары катарынан Өлкөбүздүн чемпиону аталды. Намыска жарап, чемпиондук наам үчүн ат салышкан баардык командаларды артка калтырып быйыл, 2017-жылы дагы чемпиондукту багындырышты. Кийинки жылы “Алай” командасынын алдыда Өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты менен катар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн мелдеш күтүп турат. Бул мелдештерде да “Алай” командасы өзүнүн жеңиштери менен жалпы күйөрмандарын кубантарына ишенүү менен ийгиликтерди каалайм.

Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун аракеттерин көрүп келе жатат. Футболчуларды колдоо багытында жергиликтүү бюджеттен быйылкы 2017-жылы 19 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Быйыл пайдаланууга берилген Футбол Академиясынын бүтүшү менен келечекте дүйнөгө атагы чыккан футболчулар дал ушул биздин Ош шаарынан чыгаарына ишенич чоң”,-деди А.Кадырбаев.

Эске салсак, “Алай” командасынын жеңиши менен куттуктап 2015-жылы Ош шаарынын мэриясы клубдун футболчуларына “Лексус-330” үлгүсүндөгү жеңил унаа, ал эми клубдун администрациясына “Тойота” үлгүчүндө кичи автобус белекке берсе, 2016-жылы 1 млн сом акча каржатын тапшырган.

Теги: Спорт, Коомчулук

Яндекс.Метрика