Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүүсү күтүлүүдө - ӨКМ

10:07 29.05.2018
329432_1_1502253277.730x0.jpg

29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 29-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынынтоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Тег: ӨКМ

Яндекс.Метрика