Ошто имамдарга айлык отчетторду сапаттуу жазуу талабы коюлду

12:00 12.08.2017
н6.png

Ош облусундагы мечиттердин имамдарына отчетторду сапаттуу жазуу талабы коюлду. Бул жаатта ушул күндөрү түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын облустук казыяттын басма сөз катчысы Нургазы Каримов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, буга чейин имамдардын отчетунда көбүнчө жасалган иштер тууралуу конкреттүү мисалдар келтирилбей, жалпыланган маалыматтар гана камтылчу. Мындан улам, казыят отчет жазуунун жаңы формасын сунуштады. Анда жасалган иштердин датасы, элге айтылган үнүт-насааттын так мазмуну камтылууга тийиш жана түшүндүрүү иштери каерде, ким тарабынан жүргүзүлгөнү жазылышы кажет.

Казыяттын талабына ылайык, имамдар элге салттуу дин боюнча маалыматтарды берип, экстремизмге азгырылбоо багытында насааттарды айтышы керек.

Кыргызстанда имамдар 2016-жылдан бери казыяттарга ай сайын отчет беришет. Жасалган иштер муфтияттын атайын комиссиясында каралат. Мыкты деп табылган имамдар "Ыйман" фондунан 5000 сомдон стипендия алышат. 

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика