Ошто жер титирөө катталды

16:00 08.01.2018
photo_verybig_24195.730x0.jpg

Бүгүн эртең менен Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Жергиликтүү убакыт боюнча жер титирөө болжол менен саат 10:18де сезилген. Очогу Алай тоо кыркаларында катталып, Бор-Дөбө айылынан 12-чакырым аралыкта жайгашкан. Калк жайгашкан жерде жер титирөөнүн күчү 2,5 баллдан 3 баллга чейин жеткен.

Теги: Коомчулук, Окуялар

Яндекс.Метрика