Отунбаева: Миграцияны туура башкарып, туура пайдаланыш керек

14:00 08.08.2018
Screenshot_3.png

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумунда Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева сөз сүйлөп жатып, миграцияны туура башкарып, туура пайдалануу керек экенин белгиледи.

- Форумга 27 өлкөдөн 150дөн ашуун мекендешибиз келди. Мекендештердин чар тарапта жүргөнү трагедия эмес, бул азыркы көрүнүш. Алар технологияны, демократияны, өнүгүүнү үйрөнүп жатышат. Миграция - токтобогон агым. Болгону миграцияны туура башкарып, туура пайдаланыш керек, - деди Роза Отунбаева.

Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму быйыл төртүнчү ирет уюштурулуп жатат. Быйыл ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Форумда сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу талкуу, диалог болот.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика