Премьер-министр Исаков 100 күндүк ишмердиги боюнча маалымат берүүдө

09:05 07.12.2017
2017-12-07_12-45-10.png

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттөгү 100 күндүк ишмердиги боюнча журналисттерге маалымат берүүдө. Өкмөт башчы өлкөдөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чай үстүндө баарлашып, суроолоруна жооп берүүдө.

Исаков премьер катары алгач жолу жолугушуп жатканын жана өлкөдөгү бардык маселелер боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Алгач болуп өкмөт курамында өзгөрүүлөр болобу деген суроого Сапар Исаков айрым жыйынтык көрсөтпөгөн орган жетекчилери боюнча чечим кабыл алынарын билдирди.

Мындай чечимдер парламенттеги фракциялар менен кеңешүүнүн жыйынтыгында кабыл алынарын өкмөт башчы кошумчалады.

Сапар Исаков баштаган өкмөт быйыл август айында бекитилген. Курамында жаш кадрлар болгон өкмөттү Исаков технократтардын өкмөтү болот билдирген.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика