Президент Атамбаев VI маданий форумдун ачылышына катышты

09:05 18.11.2017
2017-11-18_12-44-25.png

Санкт-Петербургдагы иш сапары алкагында Кыргызстандын мамлекет башчысы бул иш-чарага Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен катышты.

Салтанаттын ачылышында орус президенти сөз сүйлөп, искусство, билим берүү, тарыхый жана маданий мурастарды сактоо маселелерин талкуулоо жана гуманитардык кызматташтык жаатында жаңы багыттарды аныктоо үчүн алтынчы жолу көптөгөн мамлекеттердин лидерлери жыйналып отурушканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга иш сапар менен 17-ноябрда барган. Сапардын жүрүшүндө ал Орусиянын жетекчилери менен эки тараптуу алаканы талкуулары кабарланган.

Мамлекет башчысы 8-ноябрда Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, тараптар эки мамлекеттин кызматташуусундагы актуалдуу маселелерди, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика