Президент Жээнбеков аппараттындагы жооптуу катчыларды алмаштырган жок

16:05 10.02.2018
Screenshot_7.png

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларын дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына Жылдыз Сманбаева, Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына Кырккелди Кыдырбаев, Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына Эрнис Апилов дайындалды. Бул жетекчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда эмгектенип келген.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин өз аппаратындагы бөлүм башчыларды дайындоо боюнча жарлык чыгарган. Ага ылайык, буга чейин иштеп келген бөлүм башчылардын дээрлик көпчүлүгү өзгөргөн эмес.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика