Президент Жээнбеков Орусияга иш сапар менен барат

09:03 26.12.2017
Screenshot_9.png

Сооронбай Жээнбековдун иш сапары Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болорун президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө ал Москвада орус бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Орусияга сапардын алдында Жээнбеков 25-декабрда Казакстанга барып, казак лидери Нурсултан Назарбаев менен кезиккен. Президенттер эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.

Жээнбеков Казакстандан ары бүгүн Москвага жол тартат.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика