Путин оппозиция менен кызматташууга даяр экенин жарыялады

14:10 10.03.2018
Screenshot_5.png

Орусиянын президенти Владимир Путин NBC News телеканалына берген маегинде Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы шайлоого кийлигишкени тууралуу америкалык атайын кызматтардын айыптоолорун дагы бир жолу четке какты.

Тергөөнүн алкагында орусиялык 13 жаранга коюлган айыптоону комментарийлеп жатып алар өлкөнүн кызыкчылыгын коргобой турганын белгиледи.

Оппозиционер Алексей Навальный менен саясий өнөктөш болуу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып президент “өлкөнү бекемдөөгө умтулган адамдар менен кызматташууну” каалай турганын айтты. Телеканалдын алып баруучусу Мегин Келли шайлоодо атаандаштык жаратуу үчүн президент "Навальныйга “ырайым” берилеби?" деп сурады. Бул суроого Путин “эгер адам ошого татыктуу болсо, кайсы адамга болбосун ырайым кылууга мүмкүн” экенин билдирди.

Бул маалыматтар камтылган телеинтервьюнун текст варианты Кремлдин сайтында да жарыяланды.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин оппозицияны “конкреттүү күн тартиби жок” деп айыптап, оппозиционер Алексей Навальныйды “орус Саакашвилиси” деп атаган.

Соңку маегинде орус президенти Сириядагы жагдайга да комментарий берди. 

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика