Роза Отунбаева дүйнөдөгү 100 таасирлүү инсандын катарына кирди

17:00 29.05.2018
3719996D-946A-408D-988A-29AF2212A588_cx0_cy14_cw0_w1023_r1_s.jpg

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Apolitical" сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди.

"Apolitical.co" деген сайт дүйнөдөгү коомдук ишмерлердин, лидерлердин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат. Сөз болуп жаткан тизмеге Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун Аялдар программасынын аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкука, Швециянын тышкы иштер министри Маргот Уалстром жана башкалар кирген.

Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн “Минерва-2015” эл аралык сыйлыгы берилген. Мындан сырткары Отунбаева 2012-жылы Евразия фондунун "Bill Maynes 2012" деген сыйлыгына татыган. 2011-жылы дүйнөнүн ар тарабынан тандалган тогуз аялдын катарында Роза Отунбаевага АКШнын Мамдепартаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы тапшырылган.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика