Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президентти башка доолорунан баш тартууга чакырды

11:00 21.05.2018
63228D05-8272-4AEF-90BF-0B68A8917770_w1023_r1_s.jpg

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага болгон материалдык доосунан баш тартуу аракетин кубаттады.

Уюм президент Сооронбай Жээнбеков бир ай мурда журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартканын эскерип, бул Атамбаевге үлгү болгонун белгилейт.

Комитет ошондой эле экс-президенттен журналист Дайыр Орунбековго карата 2 млн. сомдук жана адвокаттар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге болгон 10 млн. сомдук доолорунан да баш тартууга чакырат.

Сөз эркиндигин коргоо комитети мындан сырткары мурдагы мамлекет башчыны ишкер Александр Рябушкинге таасир этип, адилетсиз сот чечими аркылуу тартылып алынган “Вечерний Бишкек” гезитин өз ээси Александр Кимге кайтартып берүүгө үндөйт. Дача СУдагы митингде сөз сүйлөгөн Мавлян Аскарбековго карата кылмыш ишин токтотууну, КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычов тарабынан “Kyrgyztoday” сайтына, анын ээси Бегалы Наргозуевге, саясатчы Мавлян Аскарбековго жана журналист Турат Акимовго коюлган 70 млн. сомдук материалдык доону да чакыртып алууну талап кылат.

Медиа айдыңына сереп салган бирикме "Фергана.Ру" сайтынын кабарчысы Улугбек Бабакуловго карата кылмыш ишин да айыптап, аны жана ага окшоп өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган Григорий Михайлов экөөнү Кыргызстанга келүүсүнө уруксат берүүгө чакырат.

18-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата койгон материалдык доосунан баш тарткан.

Былтыр, 20-апрелде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында сайттын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон. 

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика