Санкт-Петербургда КР жараны чатырдан кулап каза болду

12:00 16.02.2018
bk_info_102048_big_1496736332_730x0.730x0.jpeg

Санкт-Петербургда үйдүн чатырын тазалап жаткан кезде Кыргызстандын жараны кулап кетип, каза болду. Учурда анын өздүгү такталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-февралда 7-чи Совет көчөсүндөгү үйдүн чатырынан кыргызстандык кулап кеткен, ал 1989-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун Таш-Курган айылынын Т.А., аттуу жараны.

Учурда “жүк-200” мекенине жөнөтүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика