Санкт-Петербургдагы курулушта кыргыз жараны каза болду

14:25 09.11.2018
Screenshot_2.png

 Орусияда курулушта иштеген кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя Санкт-Петербург шаарында болгону, кыргыз жараны 11-кабаттан кулап түшкөнү кабарланууда.

Расмий маалыматка караганда, Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргызстандыктардын саны бир миллионго чукулдады. Алардын дээрлик көпчүлүгүнүн эмгек укуктары корголгон эмес.

Тег: Кырсык

Яндекс.Метрика