Санжар Уметалиев КРнын ЕАЭБдеги өкүлү кызматынан бошотулду

11:00 08.01.2018
sab_7818_730x0.730x0.jpg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Уметалиев Санжар Болотбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика