Саратовдо жол кырсыгынан беш кыргызстандык жабыркады

14:03 23.10.2017
n7.png

Орусиянын Саратов облусунда жол кырсыгынан кыргызстандык беш жаран жабыркады. Авария 23-октябрда Бишкек убактысы менен саат 11ге жакын Энгельс-Ершов-Озинки трассасында болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 04КG388ААВ унаа жол кырсыгына кабылганы айтылат. Чоо-жайы азырынча белгисиз.

Айдоочу жабыркаган эмес. Беш жүргүнчү Федоров райондук ооруканасына жеткирилген. Аты-жөндөрү такталууда.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика