Шайлоочулар 30-сентябрга чейин өздөрүн тизмеден такташы керек

11:00 12.08.2017
н5.png

Кыргызстандык шайлоочулар 16-августтан 30-сентябрга чейин өздөрүн тизмеден такташы керек. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Тизмеде жоктор 15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш бере албайт. Жарандар тизмени шайлоо участкаларынан же БШКнын сайтынан текшерсе болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы тактаган алдын ала тизмеде 2 миллион 914 миң 588 жаран бар. ​Бул тизме 15-августта шайлоо участкаларына илинет.

Мыйзам боюнча тизмеге жашы 18ге толгон, шайлоо укугу чектелбеген жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар кире алат.

Теги: Саясат, Шайлоо

Яндекс.Метрика