Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

12:50 25.01.2019
Screenshot_2.png

 Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Кытай лидери Кыргызстанга 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында келери пландалууда.

"Азырынча дипломаттык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кийинчерээк так белгилүү болот", - деди ал.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика