Сирияга кетүүнү көздөгөн борбор азиялык мигранттар Сахалинден кармалды

12:08 17.02.2017

Борбор Азиядан келген мигранттардын тобу "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.


26512_w654_h402_resize.jpg


Сирияга кетүүнү көздөгөн борбор азиялык мигранттар Сахалинден кармалганын РИА Новости Россиянын федералдык кызматынын чек ара башкармалыгына таянуу менен билдирди. 

Кармалган жарандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылышкан.

Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче, мигранттар көп убакыттан бери Россиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөн.

Кармалгандардын бирөө чек арадан мыйзамсыз өтүү жана пара берүү боюнча Сахалинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал буга чейин Өзбекстандын бийлиги тарабынан экстремисттик багытта кылмыш жасаган деп издөөгө алынган болчу.

Кармалган төрт жаран соттун чечими менен мекенине жөнөтүлгөн.


Теги: Коомчулук, Окуялар


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика