Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

16:03 03.05.2018
dos_0075.730x0.jpg

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүн, 3-майда Кыргызстандын Ысык-Көл областына эки күндүк жумушчу сапар менен барды.

Сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушат, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкенден бери Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика