Сооронбай Жээнбеков: мигранттар менен иштей турган кеңеш түзүлөт

13:25 08.08.2018
Screenshot_2.png

Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн 8-августта Чолпон-Ата шаарында чет жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген "Мекендештер" форумуна катышып жаткан президент Сооронбай Жээнбеков катышуучуларды өз мекенинде ишкердик кылууга чакырды. Ал Салык, Бажы кодекси өзгөрүп, жеңилдиктер киргенин айтты.

Бул тууралуу "Азаттыктын" Ысык-Көлдө жүргөн кабарчысы Канымгүл Элкеева кабарлады.

- Урматтуу мекендештер, азыр дүйнө жүзүндө өнүгүүнү камсыз кылган базалык техника эскирип, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Ар бир мамлекет өзүнүн келечектеги жолун издөөгө мажбур болууда. Кыргызстан да өнүгүү жолуп аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын сөзсүз эске алыш керек. Силердин омоктуу ойлоруңар, рационалдуу сунуштарыңар эске алынат. Дүйнөдөгү Кыргызстандын орду өзгөрдү, өлкөнүн кылган иш-аракети өзгөрдү, бул мекендештерди колдоо багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл экенин көрсөттү. Мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүү ниетим бар. Аны президентке караштуу кеңеш кылуу максатым бар, -деди президент.

Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму быйыл төртүнчү ирет уюштурулду. Быйыл ага президент Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Бул иш-чара уюштурулгандан бери президент биринчи жолу катышуусу.

Форумда сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу талкуу, диалог болот.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика