“Сосновка” жана “Арал” постторундагы чектөө алынды

09:06 16.04.2018
Screenshot_3.png

 Жайыл районундагы “Сосновка” постунда, Токтогул районундагы “Арал” постунда унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр бүгүн, 16-апрелде таңкы саат 06:00дө алынган.

Эске сала кетсек, мындай убактылуу чектөөлөр Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында киргизилүүдө.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика