Статистика: Ош шаарынын тургундары жетиштүү тамак жебейт

12:00 09.03.2018
B3DD7300-6DE6-4C7D-8937-3E3E3C02DA1F_cx0_cy19_cw0_w1023_r1_s.jpg

Ош шаарынын тургундары организм талап кылган өлчөмдө тамак жешпейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2-мартта жарыялаган "Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча баяндамада" айтылат.

Адамга бир күнгө 2097 килокалория керектелсе, Ош шаарынын жашоочулары анын 1783үн гана колдонот. Талас, Нарын, Жалал-Абад облусунун жашоочулары керегинен ашыкча тамактанышат:

Талас облусундагылар - 2585,

Жалал-Абад облусундагылар - 2220,

Нарын облусундагылар - 2207,

Ош облусундагылар - 2073,

Баткен облусундагылар - 2093.

Ысык-Көл облусундагылар - 2034,

Чүй облусундагылар - 1980,

Бишкек шаарындагылар - 2051 килокалория жешет.

Адистер аз же көп тамактануу боюнча 2017-жылдын 9 айындагы изилдөөгө таянып баяндама даярдашкан. Бирок тургундардын тийиштүү өлчөмдө же ашыкча тамактануу себептери көрсөтүлгөн эмес.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика