Сузакта 33 үйгө коркунуч жараткан жер көчкү кыймылга келди

14:16 27.01.2018
Screenshot_8.png

 24-январда Сузак районунун Орток айылына жакын 33 үйгө коркунуч жараткан жер көчкү кыймылга келген.

ӨКМдин маалыматы боюнча, көчкүнүн көлөмү 12 миң метр куб. Жергиликтүү бийлик жана ӨКМ кызматкерлери айылдыктарды коркунуч тууралуу эскертишип, белгиленген үйлөрдүн жашоочуларына көчүп кетүүнү сунушташты.

Жер кыртышынын кыймылына байланыштуу ӨКМ, Жарандык коргоо жана Жалал-Абад облустук өкүлчүлүктүн өкүлдөрүнөн турган кырсыктарды болтурбоо жана калкка түшүндүрүү боюнча атайын комиссия түзүлдү.

Комиссия Орток айылынын жергиликтүү калкы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берди.

Эскерте кетсек, жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган 4 миңге жакын үй-бүлөнүн ичинен миңге жакыны эскертүүлөргө көңүл бурбай жатышат.

Жер көчкү жана сел коркунучу бар тилкелер Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында аныкталган.

Тег: Орто Азия

Яндекс.Метрика