ТҮРК КЕҢЕШИ Бишкек: Тез жардам кызматы 29-декабрдан 7-январга чейин күнү-түнү күзөттө болот

10:59 26.12.2018
Screenshot_1.png

 Бишкектеги тез жардам кызматы 29-декабрдан 7-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматы керектүү дары-дармектерди даярдап, дарыгерлердин күзөт жүргүзүү графиги түзүлгөн. Жаңы жылдык майрам күндөрү 38 медициналык топ иш алып барат.

2018-жылдын 11 айында тез жардам көрсөтүү Борборуна 143 миң 470 чакырык түшүп, керектүү жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинен кечигип келүү – 46 миң 946 же 32%. Былтыр бул көрсөткүч 25,5%ды түзгөн.

Тез жардам кызматынын муктаждыгы 100 унааны түзөт, ал эми учурда Борбордо 58 гана унаа бар. Анын ичинен ишке жарамдуусу 33 унаа. Ошондо бир унаа 10 миңге жакын адамды тейлөөгө муктаж. Учурда 38 бригада иш алып барат, ал эми муктаждык 113 бригаданы түзөт. Бир бригадага эле 12,4 чакырыкты тейлөөгө муктаж.

Кызматкерлерди сактап калуу максатында борбордук мэрия шаардык бюджеттен кошумча акы төлөп берет: негизги дарыгерлерге 4 миң сом жана фельдшерлерге 2,5 миң сом. Тез жардам кызматкерлеринин айлык акысынын орточо көлөмү 12-14 миң сом.

“Жарандардын көпчүлүгү тез жардам кызматкерлерин жактыра беришпейт. Биз ага карабастан өзүбүздүн жумушубузду аткарып келебиз. Жаңы автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргенче биз өз жумушубузду уланта беребиз”, - дейт Борбордун дарыгери Искендер Шаяхметов.

Тег: Медицина

Яндекс.Метрика